Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

МОЛДАВА БАТЫШКА КОШУЛГУСУ КЕЛЕТ


Трансднестр аймагындагы сепаратизмдин айынан Москва менен мамилеси начарлап кеткен Молдавия Европага ыктай баштады. Быйылкы парламенттик шайлоодо кайра бийликке келген коммунисттер Евросоюздун стандарттарына ылайык реформаларды өткөргөнгө,анын аркасында жакырчылыкты жойгонго, сепаратизмди жеңгенге убада беришүүдө. Бирок эксперттер Батышка багалчагын батырыш үчүн Молдавияга дагы далай убакыт керек дешет.

Мындан төрт жыл илгери Молдавияда бийликке келген коммунисттер Трансднестрдеги сепаратизм проблемасын чечүүдө жалаң Москва менен КМШнын жардамына таяна тургандыгын айтышкан. Коммунисттер быйыл да бийликти сактап калышты, өздөрүнүн лидери Владимир Воронинди кайрадан президент кылып шайлашты. Бирок бу жолу алар ички экономикалык жана саясий проблемаларды, биринчи кезекте Днестр кылаасындагы чатакты жөнгө салууда Москванын эмес, Брюсселдин көмөгүн көбүрөөк огожо көрүшөрүн,атүгүл жакынкы аралыкта европалык структураларга кошулганга үмүт кылып жатканын билдиришүүдө.
Кишиневдун мындай пландары канчалык өлчөмдө негиздүү?
Брюссель былтыр союздун континенттеги коңшуларына байланыштуу саясатын аныктап, атайын план кабыл алган. Анда шаркетке кирбеген өлкөлөр,негизинен экс-социалисттик блоктун мүчөлөрү менен экономикалык жана саясий кызматташтыкты чыңдоо, финансылык жардам көрсөтүү чаралары каралган. Ушу пландын алкагында Евросоюз быйыл Молдавия үчүн өзүнүн атайын өкүлүн дайындады.
Брюсселдеги саясий иликтөөлөр борборунун аналитиги Мариус Ваал Евросоюз коңшуларына мүчөлүктөн башка нерселерди гана сунуш кыла алат деген ойдо. Молдавия үчүн жакынкы аралыкта союзга мүчө болуу дегеле мүмкүн эмес. Брюсселдин талаптарына төп келгиче Кишиневге дагы узак убакыт керек. Ал эми Трансднестр проблемасын чечүүдө Евросоюз айрым көмөктөрдү көрсөтө алат: бул ишке Украинаны арачы болгонго көндүрүп, шаркеттин кээ бир программаларына кошулганга Молдавияга мүмкүндүк бериши ыктымал. Бирок мунун баары Кишинев өзү үмүт кылган аралыкта эле Европага толук интеграцияланып калат дегенди билдирбейт.
Ал эми лондондук аналитик Стюарт Хенсел болсо европалыктардын жолой-жосуна салып реформа жасаганга молдавиялык коммунисттер жарай албайт деп эсептейт. Болгону коммунисттер арасында Молдава Европа менен өнөктөш болсо,көбүрөөк пайда-бата табарын түшүнгөндөр көбөйө баштады. Воронин менен анын партиялаштары бийликтеги экинчи мөөнөт аралыгында Европага ыктаган платформа аркылуу парламенттик шайлоодо тарапкерлердин санын арттырганга болорун да аңдап калышты. Ал эми реформаларга келсек, алардын чыныгы демократиялык мүнөздө болору өтө эле күмөн, дейт Хенсел.

XS
SM
MD
LG