Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Топчубек Тургуналиев Жогорку Сотко кайрылат


Кыргызстан Элдик кыймылынын мүчөсү, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев соңку он жылдан бери ага карата ачылган кылмыш иштер боюнча актоо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Топчубек Тургуналиев 13-апрелде «Азаттык» радиосуна билдирди.

Топчубек Тургуналиев 1995-жылы Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин арнамысына шек келтирди деген, 1996-жылы Бишкек гуманитардык университетинин каражатын оз кызыкчылыгында пайдаланды деген, ал эми 1997-жылы Аскар Акаевге кол салууну уюштурду деген айыптардын негизинде сот жалпысынан 30 жылдай эркинен ажыратуу жөнүдөгү өкүмдөрүн чыгарган. Алардын ичинен 4 жылды Топчубек Тургуналиев абакта отуруп чыкты.

XS
SM
MD
LG