Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Экс-спикер А. Эркебаев президенттикке таралкерлигин көрсөтүшү ыктымал


Эгерде өлкөнүн президентинин милдеттин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев менен «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов өлкөнү саясий кризистен чыгаруу боюнча бир пикирге келишпесе, Кыргызстандын экс-спикери Абдыганы Эркебаев президенттик шайлоого барат. Бул жөнүндө Абдыганы Эркебаев 13-апрелде «АКИпресс» маалымат агенттикте өткөргөн пресс-конференцияда билдирди.

Анын пикиринде Кыргызстандагы ыңклаптын башкы себептери өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык абалдын оор болуп кетишинде, кооррупциянын күчөшүндө, экс-президенттин үй-бүлөсүнүн бизнеске аралашып кеткендигинде болду.

Абдыганы Эркебаев Кыргызстанда азыр үчүнчү күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракетин көрүп жатат деген пикирин да билдирди. Ал эми жер маселесине байланыштуу экс-спикер турак-жайсыз атуулдар мыйзам чегинде жер менен камсыздалууга тийиш экендиги жөнүндө айтты.

XS
SM
MD
LG