«Аскары кетсе, Бермети калабы?» деп суроо коет жума күнкү «Аалам» гезити. Ансыз да ордо оюндарына абыдан берилип алган парламент кыл учунда турган өлкөдөгү кырдаалды курчуткандан башкага жарабай атканы тууралуу журналист Семетей Талас ой жүгрүтөт.
«Бермет «периштенин» «калкка кайтышы» артынан кандай чуулуу маселелерди ээрчите келерин жума күнкү «Агым» гезитинде Аман Акматов жазып чыкты.
«Мамлекет копсуздугунун, Кыргызстан калкынын гарантымын десе, бүтдүйнө каңгыраган, бирок жеке бийлиги жетесинен урарда шымын булгап, эли-журтун таштай качкан экс-президент Акаевдин өзүнүн аныктамасы менен айтканда, булуттун аркы бетинен суу ичкен периште кызы – Бермет Акаева аэропорттон түз эле Жогорку Кеңеш сессиясына түштү.
Бишкектеги № 1-Университет шайлоо округунан депутат болуп шайланганы эми «кургагандан кийин» эсине түшүптүр. Арийне, Бермет айымдын эстутумунун эң эле кыскалыгын ушундан байкаңыз: мамлекеттеги көңтөрүлүш көп жагынан анын айынан болгонун таптакыр унутуп салыптыр. Атасынын бийлигинен пайдаланып, студенттерди койдой айдатып добуш бердиргени, ошонун натыйжасында элдин нааразылыгы күчөгөнүн, нааразы болгон көпчүлүктү калыстык менен жүйөөгө чакырып, акыйкатты орнотуу менен жоошутуу амалынын ордуна атакесин ЖК трибунасынан оппозиция менен эч качан элдешпеске чакырган, анысы менен элдин кыжырын огобетер ашынткан бул айымды акыркы мүнөттөрдө өлкөдө түзүлгөн кырдаал катуу кооптондуруп тынч уктатпай койгон имиш», деп жазат макала автору.
Аскар Акаев кызматын таштап качарда элди атпоого буйрук бергенин айтуудан чарчай элек. «Аксылык алты жигитти атып салганда кабагым-кашым дебеген, отставканы кой,- кечирим сурап койбогон неме кантип эле гуманист боло калды?» деп суроо коет Сейит Сасыбаев «Ак кепкачандардын артында икм турган?» деген макаласында.
«Көз көрүнөө калпты шуулдатып, таза болбосо чындыктын жарымын гана айтып келген Акаевдин бул билдирүүсүнүн артында дагы кандай шумурай-шумдук турганын элдик Башкы прокурор акыры бир күн сууруп чыгар», дейт С.Сасыбаев.
Конституциялык реформанын зарылдыгы туралуу ушул эле гезитте саясатчы Топчубек Тургуналиев ой жүгүртөт.
Кыргызстан кыйын кезге туш келгенде өзбек агайындар колунан келген жардамын берип, «казак туускандар» чек арасын жаап, Бишкектеги бийлик алмашууну сүйүңкүрөбөй кабыл алды, деп белгилейт жума күнкү «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаев.
Элдик козголуштун аркасы менен куру дымагы күчтүүлөр жулкунуп алдыга чыга бериши Ырыскелди Ыбышевдин «Күйгөндөн Абыке-Көбөштөрдөн күйдүк» деген макаласында сыпатталган.
«Кыргыздар «кырылышып» жатканда «Бителди» казактар олжолоп кетишти» деп жазат жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Э.Момунов. GSM байланышы боюнча Кыргызстанда монополия болуп алган компанияны казак ишкерлери канчага сатып алганы белгисиз бойдон калды, деп маалымдайт макала автору.
Бишкектеги жер басып алмай тууралуу «Аалам» гезитинде башкалаанын Октябрь район акими Ж.Исаевдин маеги жарыяланган. Аким жер мыйзам чегинде гана берилиши керек деп эсептейт. Ушул эле тема «Кыргыз руху» гезитинде Мирлан Дүйшөнбаевдин «Токмок+Карабалта=Шаңхай» деген макаласында да козголгон. Шаар минтип кеңейе берсе жаңы конуштарга жетиштүү шарт түзүп берүүгө башкалаанын чама-чаркы чак келеби, деп суроо коет автор.
Бермет Акаеванын келиши тууралуу жума күнкү «МСН» гезитинде Р.Приживойттун «Торпедо ЖКга келди» деген макаласы жарыяланды. Басылмада Ф.Куловдун «Мен жыгылып калганды теппейм» деген маегине орун берилген. Жер басып алуучулар жөнүндө Башкы прокуратуранын билдирүүсү да басылманын жаңы санында чыгууда.