Линктер

бейшемби, 29-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Кыргыз спортчулары 2 коло медаль алды


БИШКЕК. Ислам өлкөлөрүнүн Сауд Аравияда өтүп жаткан оюндарына 50дөй мамлекеттин спортчулары катышууда. 12 спорттун түрү боюнча мелдештерге кыргызстандыктар 5 түр оюнча күч сынашууда. Афина олимпиадасынын катышуучусу кыргызстандык суучул Юрий Захаров 200 метрге чалка чабак жарышында коло медаль тагынды. Юра ошондой эле 200 метрге комплекстүү сүзүүдө да марага үчүнчү келди. Дагы эки суучул Василий Данилов менен Антон Краморенко финалдык топко киргени менен ийгилик жарата албады. 15-апрелде кыргызстандык жеңил жана оор атлеттер таймашууларга катышмакчы.

XS
SM
MD
LG