Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Чет өлкөлөр Кыргызстандын азыркы абалына кызыкдар


БИШКЕК. 14-апрелде вице-премьер-министрлердин милдетин аткаруучулар Данияр Үсөнов жана Ишенгүл Болжурова Жапониянын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Ватанабэ менен жолугушту. Анда Кыргызстандын учурдагы экономикалык-социалдык өнүгүү, эки тараптуу байланыш тууралуу маселе талкууланды. Данияр Үсөнов жаңы өкмөттүн өлкө экономикасын көтөрүүгө багытталган 100 күндүк жаңы программасы тууралуу маалымат берди. Ал эми Ишенгүл Болжурова пенсия, бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек маянасы, жарды үй-бүлөлөргө берилчү жеңилдиктер жана башка социалдык маселелерге токтолду. Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда ар тараптуу багыттагы кызматташуу жөнүндө кол коюлган 34 келишим бар. Ушул эле күнү биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Джеймс Шарп менен жолугушту. Анда Шарп Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу үчүн өкмөт жасап жаткан иштерге кызыгып, Кыргызстандын коопсуздугу үчүн Улуу Британия жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG