Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

К. Бакиев: Кырдаалды курчуткандар жоопко тартылат


БИШКЕК. Турак жай куруу үчүн жер аянттарын басып алууларды азыркы бийликке каршы атайын топтор уюштуруп жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө президенттин милдетин аткаруучу премьер министр Курманбек Бакиев билдирди. Анын пикиринде, азыркы бийликке кыянаттык кылуу максатында, элди улутка, түндүк-түштүккө бөлүү аракетин жасагандар алардын коомдо ээлеген ордуна карабастан жоопко тартылат. Бул максатта атайын кызматтар, тартип коргоо кызматтары иштеп жатышат. Бакиев ошондой эле сөзүндө жерди басып алгандар, айдоо жерлерге зыян келтиргендер да мыйзам алдында жооп берет. Жер аянттары Бишкектин айланасында каалоочуларга эмес, муктаждарга берилет. Белгилеп койчу жагы Бишкектин айланасында жер басып алуу 6-апрелде башталып, 10 миңдеген адамдар 15 аймакты мыйзамсыз ээлөө аракетин жасашкан. Бакиевдин айтымында, акыркы 15 жылдан бери Бишкекте бир да көп кабаттуу турак үй курула элек. Шаардын айланасын учурда 26 жаңы конуш курчап турат.

XS
SM
MD
LG