Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Бүгүн Монаконун князы Принц Ренье акыркы жайына койулду


МОНАКО. Бүгүн Монаконун князы Принц Ренье акыркы жайына койулду. Европанын эң кичинекей мамлекеттеринин бири, 32 миң тургуну бар Монакону 1949-жылдан бери башкарып келаткан князь Ренье 6-апрелде 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Князь өмүрлүк жары атактуу америкалык киноактриса маркум Грейс Келинин жанына кафедралдык соборго койулду. Князь менен коштошуу аземине көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери, анын катарында Франциянын президенти жана Испаниянын падышасы катышты. Князды акыркы жайына койуу аземине болсо анын үй бүлө мүчөлөрү менен жакындары гана катышты.

XS
SM
MD
LG