Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Гидрометеорология борборунун билдирүүсү боюнча 17-апрелде Кыргызстанда күн ачык болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +18…+23 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАТ аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн 0…-5, күндүз +10…+15 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындан болушу күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн+2…+4, күндүз +19…+21 градус жылуу.

Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG