Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Марттагы окуялар экономикага терс таасирин тийгизди


БИШКЕК. Кыргызстандын премьер-министри Курманбек Бакиев 16-апрелде «Экономикалык кырдаалды жөнгө салуу жана чыгымга учураган чарба субъектерине колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү» токтомго кол койду. Анда белгиленгендей, февраль-март айындагы окуялар, массалык түрдө жүргузүлгөн нааразылык акциялар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизди. Өлкө бюджети 60 млн сом өлчөмүндө чыгымга учурады. Жазгы талаа иштери кечеңдетилүүдө. Токтомдо кыргыз өкмөтү кырдаалды турукташтыруу, чарба субъектилерине жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрсөтүлөт деп айтылган. Кыргыз өкмөтү тиешелүү жетекчилерге өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо, мыйзамсыз кадр алмаштурууларды токтотуу үчүн тиешелүү чараларды жүргүзүүнү тапшырды. Өкмөт экономикалык чыгымга учураган чарба субъектилерине колдоо көрсөтүү боюнча түзүлгөн комиссиясына 24-25-март күндөрү Бишкек шаарында орун алган талоончулуктан чыгымга учураган чарба субъектилеринин тизмесин түзүү, ар бир чарба субъектине келтирилген чыгымдарын тактап чыгуу иштерин көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен жургүзүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG