Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

К.Самаковдун жактоочулары пикетке чыгышты


БИШКЕК. 16-апрелде Жогорку соттун алдына №33 Нарын шайлоо окуругунунан депутат болуп шайланган Карганбек Самаковдун 150гө жакын шайлоочулары пикетке чыгышты. Алар Жогорку соттон Самаковго каршы жазылган доо арызды жокко чыгарууну талап кылышты. Эскерте кетүүчү жагдай, Нарын шаарындагы “Муң,азап” бейөкмөт уюму Карганбек Самаков шайлоо өнөктүгү учурунда шайлоочулардын добушун сатып алган деп айыптап, аны депутаттык укуктан ажыратуу тууралуу арызды Жогорку сотко жолдогон. Ишемби күнү Жогорку сот арызды карап, “Муң, азап” бейөкмөт уюму Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу бул ишти дүйшөмбүгө жылдырды.

XS
SM
MD
LG