БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев депутаттык мандатын сактап калды. 16-апрелде Жогорку сот №21 Токтогул округунда 7 шайлоо участкасындагы шайлоо кайрадан өткөрүлсүн деген райондук соттун чечимин жокко чыгарды. Жогорку сот талаш-тартыштуу 7 шайлоо участканын ичинен Сарыкамыш, Толук, Каратектир шайлоо участкаларындагы шайлоонун жыйынтыктары жарактуу деп тапты. Бул шайлоо участкаларында Тайырбек Сарпашев аталган округдан талапкерлигин көрсөткөн Токтогул Мадияровдон 997 добуш көп алган. 13-марттан тарта депутат Сарпашевдин шайлоочулары Токтогулдун Торкент айылында Бишкек-Ош жолун жаба баштаган. Депутат Сарпашев «Азаттыкка» билдиргендей, 16-апрель күнү кечинде Жогорку соттун чечиминен кийин Бишкек-Ош жолу ачылды. Токтогул Мадияров жана анын шайлоочулары болсо, Токтогул округундагы шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү деген пикирде. Парламенттик шайлоонун биринчи айлампасында Мадияров шайлоочулардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, биринчи орунга чыккан. Ал эми шайлоонун экинчи айлампасында Сарпашев жеңген.