БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин буйругу менен Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагалыгына Токтобек Акматов дайындалды. Салык жана Бажы мамлекеттик инспекциялары, финансылык полиция каржы министрлигинин курамынан чыгарылып, өкмөткө түздөн-түз баш ийүүгө өткөрүлгөн. Вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов 16-апрелде бажы инспекциясындагы жолугушууда коррупциянын тамырын кыркуу жана бажы төлөмдөрүн топтоону көбөйтүү милдетин алдыга койгон эле.