Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Казакстандан делегация келет


БИШКЕК. 18-апрелде Кыргызстанга Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник баштаган делегация келет.Алардын президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Курманбек Бакиев жана вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Дания Үсөнов менен жолугушуусу белгиленүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Владимир Школьник кыргыз-казак өкмөт аралык комиссиясынын казак тарабынын төрагасы. Комиссия эки мамлекеттин соода-экономикалык, анын ичинде суу-энергетика кызматташуу боюнча жыл сайын жолугушуулар өткөрүп келет.

XS
SM
MD
LG