Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Өкмөттүк эмес уюмдардын форуму болот


БИШКЕК. 19-апрелде атуулдук коомдун жалпы улуттук масштабдагы форуму ачылат. Бул тууралуу «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Эдил Байсалов 17-апрелде билдирди. Анын айтымында, форумдун максаты өлкөдөгү атуулдук коомчулукту бириктирүү жана Кыргызстандын келечеги үчүн программа иштеп чыгуу. Форумда президенттик шайлоо, конституциялык реформа, сот системасын өзгөртүү, коррупцияга каршы күрөш, жер басып алуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот. 20-апрелде форум өз ишин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда улантат. Анда президенттин милдетин актаруучу Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын сөз сүйлөп, атуулдук коомдун өз программасын сунуштоосу белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG