Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

РОЗА ОТУНБАЕВА: “ТАЗА ШАЙЛОО ҮЧҮН КООМДУ ЫПЛАС АДАМДАРДАН ТАЗАЛОО КЕРЕК”


Кыргызстандын АКШдагы жаңы элчиси ким болот? Роза Отунбаева президенттик шайлоого барабы? Президенттик шайлоонун тынч өтүшү үчүн эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорго жоопторду тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен болгон маектин экинчи бөлүгүнөн уга аласыздар.

- Кыргызстандын АКШдагы элчилигине жаңы элчи дайындалып атат деп уктук. Журналист Замира Сыдыкова элчиликке даярдалып жаткандыгы тууралуу кыйла маалымат каражаттары кеңири жазып атышат. Мунун чындыгы канчалык? Дегеле дипломатиялык корпустун кесипкөйлүк деңгээли бүгүнкү күндүн талабына канчалык төп келип атат?

- Тышкы иштер министрлиги 15 жылдан бери жаңы деңгээлде, жаңы сапатта иштеп атат десем жаңылышпайм. Анткени, Совет мезгилинде деле тышкы иштер министри болуп иштедим эле. Ал кезде жети киши болчу. Азыр болсо жүздөй адам Кыргызстандын өзүндө, жүздөн азыраагы четте иштешет. Мына Москвада Кыргызстандын ири элчилиги, же болбосо, Франкфурт-на-Майнеде биздин консулдугубуз бар. Ушундай чоңдон кичинеге чейин дүйнө жүзү боюнча биздин «чекиттерибиз» бар. Биздин дипломаттардын деңгээли чоң талаптарга жооп берет. Анктени, 15 жылдын ичинде балдар дипломатиялык академияны бүтүрүштү. Жалаң эле Россияда эмес, Түркиядагы, Батыштагы мамлекеттерде. Андан тышкары мына Кыргызстанда эмне көп, дипломаттарды чыгара турган факультеттер көп. Тилди билген, дипломатияны окуган адистер абдан көп. Ошолордун арасынан конкурс жасап алышыбыз керек, ошентип алып атабыз. Биздин айлыгыбыз аз. Ошондуктан, айрыкча, четтен окуп келген адистер, кыйындары эл аралык уюмдарга кетип атышат, чет өлкөлүк элчиликтерде иштеп атышат, чынынын айтканда эң эле мыктылары кетип калып, же чет өлкөлөрдө калып атышат. Биздин айлыгыбыз эң мыктыларды алып келгенге жардам бербейт. Ошондой болсо да мыкты адистер жогорку эшелондогу дипломаттар билимдүү, тажрыйбалуу адамдар.
Замира Сыдыкованы айтып калдыңыз. Ал азыр Кыргызстандын Америкадагы элчиси болуп дайындалып атат. Кечээ парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинен өткөрдүк. Алар колдоп беришти. Чынын айтканда, Замира 15 жылдан бери өзүнүн 1992-жылы түзүлгөн «Республика» деген гезити менен ушунча жылдан бери чарчабай, оңго-солго бурбай, биздин коомду тазалап келатат. Мына, Акаев «Кыргызстан Орто Азиядагы демократиянын аралчасы» деп мактанчу эле. Ошол аралча болсо, Замиранын ошого кошкон салымы зор. Анткени, Замирадай оппозициячылар, демократтар мына Кыргызстандагы демократиялык аралчанын күзгүсү.

- Азыр жер-жерлерде бийлик талаш боюнча чыр-чатактар болуп атат. Айрым саясатчылар муну азыркы бийликтин чечкинсиздигинин кесепети деп баалап атышат. Сиз кандай дейсиз?

- Эми чынында бийликтин курулушу кээ бир жерлерде ушундай болуп атат. Бул көрүнүштү токтотушубуз керек. Эми азыр ушундай кыйынчылыктар болуп атса, бул жалаң эле бийликтин начардыгы эмес. Ыплас адамдар саясатка аралашып калса, элди да бузат экен, бөлөт экен, элди чарчатат экен. Ошонун натыйжасында да болуп атат ушундай көрүнүштөр. Бирок, эл ыпластарды сиңире албайт экен. Ошого байланыштуу да болуп атат. Ошондуктан, мындай адамдар элге келбей эле койсо, менин ушундай каалоом бар эле.

- Аскар Акаев бийликте турган кезинде сизди «оппозициянын локомотиви» деп айтты эле. Сиз ошондой боло алдым деп ойлойсузбу?

- Ошентип Акаев айтты. Чынында, мен жалгыз эмес, биздин «Атажурт» кыймылы чогуу эле салым жасадык десем мактангандык эместир. Анткени, ноябрдан баштап эле декабрь, январь, февраль бою көп эле аракет жасадык режим кетиргенге. Биз октябрга чейин деле күтөт элек. Бирок, бу киши ойноп жиберди да. Бу киши мен сөзсүз кетем деп бир да маалымат бербей койду. Үй-бүлөсү абдан катуу киришип алды. Кызы кечээ мына парламентке келди. Эми баарыбыз эле бүгүн а кишини эрксиз киши деп айтып жүрөбүз го. Бирок, а кишини шайладык эле го.

Менин айтарым а кишини кетиргенибиз туура эле болду. Тез арада чечилип калды бул маселе. Биздин кошкон салымыбызды эл бааласын, эл сынасын, бирок, мен ыңкылапка катышканымды жок деп айта албайм.

- Сиз оппозицияда жүргөндө президенттик шайлоого барар-барбасымды кийин айтам дедиңиз эле. Сиз бул суроого азыр кандай жооп бересиз?

- Бул жөнүндө абдан көп суроолор болду. Айрыкча, батыш гезиттеринен, Москвада сапарда болгонумда алты-жети гезит интервью алып, бардыгы ушу суроону сурап атышат. Мен бир нерсени так айтып коеюн, президенттикке чыгам дегендер көп азыр. Алардын арасында биз көрүп атабыз, өзүнүн мүлкүн жактап аткандар бар, башкалар бар азыртан баштап коеюн, эмки шайлоодо чындап чыгам дегендер бар. Дагы башкалар бар дайыма эле бизнесин сактап, анан өзүнүн престижин көтөрүп коймой, анан кайта дагы беш жыл жашамай деген формалар бар окшойт.
Мен өзүм жөнүндө айтйын, мына Батыштын психологиясы оңой да. Аял киши чыгып атыптыр Чыгыш өлкөсүндө, кандай сонун, ошол жерге жардам бериш керек деп секирет эле, азгырык сыяктуу да. Ошентип ойлосок болот эле. Бирок, бизде талапкерлер бар. Алар белгилүү. Ошолордун тегерегинде элдин баары топтолуп, атаандаш шайлоо өткөрүшүбүз керек.

- Кечээ парламент отурумунда да өзүңүз катышып отурдуңуз. Курманбек Бакиев баш болуп айтып атышат, президенттик шайлоодо чыр-чыгарууга аракет кылгандар болушу ыктымал деп. Президенттик шайлоо менен аралаш жаңы толкундар пайда болуп кетпеш үчүн эмне кылуу керек? Сиздин сунушуңуз?

- Менин оюмча, учурда бир нерсе бизге жетпей атат. Мен Байболовдун кечээки сөзүнө толук кошулат элем. Ыңкылап бизде болду. Ким эмне дешсе, өздөрү билишсин. Биздин мурунку мамлекет башчыбыз 24-мартта «молодчики» деп да айтты, «наркоман» деп да айтты, эми кудай өзү тараза болсун. Биздин элибиз – карапайым ушул эл. Ошол революциянын жыйынтыгы менен көп өзгөрүүлөр болуш керек эле. Биз бардыгыбыз өкмөттө болгон кишилербиз, түшүнөбүз. Бир күн менен баары чечилбейт. Бир жыл, эки жылбы, Акаевдин иштеринен, ошол схемалардан, системадан, матрицалардан Кыргызстан тазаланыш керек. Ар бир министрликте акча чогултуп отурган адамдар – ошол булардын матрицалары. Биз ошонун баарын өзгөртүшүбүз керек. Эч качан мындан кийин мындайга жол берилбейт деген так, даана белги беришибиз керек.
Министрлердин арасында колу булганган, ыплас, жүзүкара бир адам болбошу керек. Мейли бул убактылуу өкмөт болсо да. Келе жаткан шайлоо таза болот, акыйкат болот деген белги беришибиз керек коомго. Шайлоо комиссиясы тараш керек. Ал жерге такыр башка адамдар келиш керек. Кыргызстан жарылып калды экиге. Канча депутаттар келе элек, али соттошуп жүрөт. Ошол эле шайлоо комиссиясы мени киргизбей койду. Ал эми эки паспорту бар адамдар кирип эле атат. Мен өч алайын деген оюм жок. Бирок, БШКнын катасы бар. Экинчиден, Жогорку Сот. Биз баягүнү чоң чогулушта баарыбыз айттык Жогорку Соттун шайлоодо күнөөсү чоң деп. Эмне себептен төрага отурат эмгиче? Абдан чыдамдуу киши экен. Туш-туштан эл айтты, өз каалооңуз менен кетиңиз деп. Намысынан кызматы керек экен бу кишиге. Мен ушуга абдан терең таң калам. Терең таң калам ушундай нерселерге.
Ушундай орчун-орчун маселелер чечилиш керек бүгүн. Ошондо гана эл да ишенет бизге, чындап эле ыңкылап болуптур, чындан эле жаңы турмуш башталат деп.

- Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов азыр эл оозундагы президенттикке татыктуу эки атаандаш талапкер катары аталып атат. Ушул эки саясатчы президенттик шайлоонун алдында бир пикирге келише алабы?

- Келсе абдан жакшы болот эле. Мен деле ойлойм, булар келишсе, биздин шайлоо баарыбызга мээримдүү шайлоо болот эле. Бирок, мен ойлойм, дале он-он беш күндөгү талапкерлерди көрсөтүү учурунда көрөбүз го дагы. Менин оюмча бул эки саясатчыдан көп нерсе көз каранды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG