Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

МУНАЙГА БАЙ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ РЕФОРМАЛАРГА МУКТАЖ


Төрөкул Дооров, Прага Дүйнөлүк банк Жакынкы Чыгыштагы экономикалык өсүштөр тууралуу докладын жарыялады. Анда айтылгандарга ылайык, соңку жылдарда мунайга, күйүүчү майга болгон баанын кескин өсүшү Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин экономикасынын дүркүрөп өсүшүнө алып келди. Анткен менен бу өлкөлөр батыл экономикалык реформаларды жүргүзө албай келатышат.

Дүйнөлүк банк бул докладында Мароккодон тарта Иранга чейинки аймакта жайгашкан мамлекеттер өздөрүнүн экономикасында мамлекеттин ролун чектөөлөрү зарыл экенин айтты.

Дүйнөлүк банк жана Эларалык валюта корунун өткөн жекшембидеги биргелешкен жыйынында жарыяланган докладда “акыркы эки жылдан бери Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринин экономикаларындагы өсүш 5,6% түзгөндүгү” кабарланган. Бул соңку он жылдыктагы өтө жогору көрсөткүч.

Айрым мамлекеттер мунай баасы дүркүрөп өскөн убакта өздөрүндөгү соода-сатыкты чектеген барьерди кыскартып, жумушсуздукту жоюу аракетин көрүшүүдө. Анткен менен, аларда бизнести туура жолго коюп, аны өнүктүрүүгө жакшы далалат жасай алышкан жок.

Жакынкы Чыгыш боюнча Дүйнөлүк банктын адиси Мустафа Набли “мамлекеттик башкарууну жалпы коомдук жоопкерчилик катарында таанууда мунайга бай Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр дүйнө боюнча баары бир артта калып калышууда”, дейт.

- Мамлекеттик башкаруунун көрсөткүчтөрүндө бул жаатта прогресс өтө эле аз болуп жатат. Бул реформалардагы өсүштүн же жалпысынан алганда, структуралык реформаларды жакшыртууда өтө маанилүү нерсе. Анткени, структуралык реформаларда өнүгүү жок болсо узак мөөнөткө эсептелген экономикалык ийгиликтер жаралышы күмөн, - дейт Дүйнөлүк банктын Жакынкы Чыгыш боюнча адиси Мустафа Набли.

Банктын экономисттери региондогу калктын тездик менен өсүшүн эске алып, мунайдан түшкөн кирешенин эсебинен башка секторлордун кеңейтилиши ал мамлекеттерде алдыдагы 20 жылда пайда болуучу 100 миллион жумуш ордун камсыз кылууга жетерин айтышууда.

Андыктан Дүйнөлүк банк эларалык тажрыйбага кайрылып көрүүнү сунуш кылат. Ага ылайык, структуралык реформаларды жүргүзүү иши өздөрүндө “өзгөрүүлөрдү жактаган коалициялары” бар өлкөлөрдө жакшы тушмушка ашкан. Бирок Наблинин айтымында, атуулдук коом өңдүү “өзгөрүүлөрдү жактаган коалициялар” казынасын мунайдан түшкөн киреше аркылуу толтуруп турган мамлекеттерде жакшы иштебейт. Бул да эларалык тажрыйбадан жакшы маалым.

- Биз мунайдан түшүп жаткан кирешени “мамлекеттик казынанын жумшак чектөөчүсү” деп атадык жана ал структуралык реформа үчүн, өзгөчө шайлоо системасында реформаларды жүргүзүү ишинде пайдасы аз, - дейт Дүйнөлүк Банктын өкүлү Мустафа Набли.

Дүйнөлүк банк өзүнүн докладында Иранды “реформаларды жүргүзүүгө дилгирлиги төмөндөп бараткан мамлекет” катарында көрсөттү. Анда айтылгандай, Иран соода тармагында жана каржы секторундагы реформаларда айрым жетишкендиктерди көрсөткөнү менен, акыркы эки жыл ичинде бул жааттардагы өсүш да кескин төмөндөп кеткен.

Докладда экономикадагы ийгиликтер бизнес чөйрөнүн эркиндиги жана мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилиши менен бышыкталышы зарыл экени айтылат.

Доклад авторлорунун бири Женнифер Келлердин ырасташынча, экономикадагы аракеттер коомдук көзөмөл менен жуурулушканда гана, өлкөдө ачык дебаттар болуп турса гана реформаларда ийгиликтер жаралат.

- Адамдар белгилүү бир укуктарга ээ болуулары керек. Алар маалымат алууга, коалиция түзүүгө, өзгөртүүлөрдү жаратууга мүмкүнчүлүк алуулары зарыл. Реформаларды баштап, аларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн башкаруу тармагындагы өзгөрүүлөрдүн болушу керек, - дейт Келлер айым.

Банктын докладында Иракта Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу да сөз козголду. Андан бери Иракта жумушсуздук жогорулап, жакырчылык кеңири жайылып кеткен. Бул көрүнүштөргө каршы социалдык жардам берүү сектору күчүн жоготуп, буга өлкөдөгү жалпы эле коопсуздуктун начардыгы да себеп болуп жатканы айтылды.

XS
SM
MD
LG