Көзгө жатык жасалгадагы ариптер менен “СССР” деген сөз эле бул кафеге кирүүгө көптөрдү мажбурлап тургансыйт. Кафенин ээси Мамедтурду Маметжанов эмне үчүн бул ат тандалып алынгандыгына жана анын натыйжасына токтолду:
- Биринчиден Союз маалында иштеген адамдар азыркы убакта пенсияда, кызматта жүрүшөт. Адарды унутпай эсине салып коюу максатында. Экинчиден, Союз эмне экенин билбей калган жаштар көп.
Мамедтурду Маметжанов өзүнүн СССР доорундагы таржымалын жана ал доорго көз карашын дагы айтып өттү:
- Алайда, Ноокатта акыркы учурда он беш жыл аскер комиссар болуп, союз маалында пенсияга чыккам. Армияда жүрүп партияга өттүм, ошол жактан офицер болуп келгем. Кафеге келгендер саясий бюролорду, Союз убагындагы өткөн күндөрдү эстешип, эс алып отуруп кеткен күндөр көп. Мен дагы эски коммунист катары партбилетимди тапшырганым жок. Тамашалап коем, партбилет менен келгиле, ар бириңерге акысыз күрүшкө берем деп. Официанттар да пионер формасы менен элге кызмат кыла тургандай кылып аракет кылып атышат.
“СССР” кафесинин аткаруучу деректири Акылбек Маметжанов кафедеги экспонаттар кандайча чогултулгандыгынан баян курду:
- “СССР” деп атап койгондон кийин, Советтер Союзунун символикаларын биз элден эле чогулттук. Бул музей катары ошол символикаларды сактап калалы деген идея болчу. Ошолордун барын бизге алып келип таштап кетип атышат.
Ар бир тамак иччү үстөлдө Лениндин бюстунун модели. Буларды да алып кетсе болобу деп сурадык Акылбектен:
- Булар ченемдүү болгон үчүн биз бербейбиз.
Кафеде тамактанып жатышкан Айнура менен Салкынайдын пикири:
- - Бул кафенин атын “СССР” деп жакшы коюптур. СССР мезгилинде Ош аябай гүлдөгөн. Башкасын айтпаганда дагы текстил-жибек комбинат ошол мезгилдегидей гүлдөгөн жок. Азыр болсо баары кыйрап жатат. Азыркы башаламандыктан, тартиптин жоктугунан улам Союз барктуу көрүнүп жатат.
Ал эми “СССР” кафесинин менеджери Махабат Букабаева меню аркылуу да СССР доорун эстетүүгө аракет кылып жатышкандыгын айтат:
- Союз убагында “балык күнү” деген болчу экен. Биз да ошол бир күндү “рыбный день” деп белгилеп иштеп жатабыз. Ошол союз мезгилиндеги тамактар унутулуп калганына байланыштуу эл астына алып чыга турган ашпозчулар дагы жокко эсе. Ошол тамакты алып чыга турган ашпозчуларды биз издеп жатабыз.
Кызык жери, “СССР” кафесинин эч бир кызматкери азыр Кыргызстан компартиясынын мүчөсү эмес. Тек гана СССРдин аты менен бизнести күчөтүүгө болорлугун сезип-туйган адамдар.