Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Экс-спикердин жактоочулары нааразы


БИШКЕК. Ош облусунун Алай шайлоо округунан депутаттыкка ат салышкан талапкер Абдыганы Эркебаевдин жүзгө жакын жактоочусу 18-апрелде Жогорку Кеңеш имарат алдына нааразылык билдирип чыгышты. Алар «Марат Султанов мыйзамсыз шайланган депутат!», «Эркебаев биздин депутат!», «Марат элди уруу-урууга бөлбө!» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Эркебаевдин жактоочулары ушул эле күнү президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев жана Жогорку Кеңештин жана БШК төрагасына кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлери шайлоонун экинчи турунда Абдыганы Эркебаев жеңишке жетишкендигин айтышып, БШКнын Марат Султановду жеңүүчү деп тапкан токтомун жокко чыгарууну талап кылышты. Шайлоонун экинчи турунда Абдыганы Эркебаев көп добушка ээ болгон. Көп өтпөй соттун жана БШКнын чечими менен Марат Султанов жеңүүчү деп табылган.

XS
SM
MD
LG