Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Казакстандан делегация келди


БИШКЕК. 18-апрелде Кыргызстанга Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар боюнча министри Владимир Школьник баштаган делегация келди. Бул күнү делегацияны президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев кабыл алды. Ушул эле күнү жолугушуулардын протоколу кабыл алынып, ага Казакстан тараптан Владимир Школьник, Кыргызстан тараптан вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов кол коюшту. Протоколго Кыргызстан аркылуу өтүүчү газ түтүгүн оңдоо, «Кыргызказгаз» биргелешкен ишканасын түзүү, тоо-кен, суу-энергетика тармагындагы кызматташтык багыттары камтылды. Жолугушуулардын соңунда уюштурулган маалымат жыйынында белгиленгенге караганда, Казакстан аркылуу өтүүчү транзиттик каттамдардан алынып салынган жеңилдиктер үч күн мурун калыбына келтирилди. Ошондой эле Казакстан 114 чакырым узундуктагы Кыргызстан аркылуу өткөн газ түтүгүн оңдоо үчүн 17 миллион доллар каражат бөлмөй болду. Ал эми газ түтүктөн Кыргызстан уруксатсыз пайдаланган газдын баасы 16 миллион доллардан ашкандыгы да маалымдалды.

XS
SM
MD
LG