Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

ЕККУ төрагасы Кыргызстанга иш сапары менен келди


БИШКЕК. Кыргызстанда жакында өткөрүлө турган президенттик шайлоо адилеттүү, эл аралык талаптарга ылайык өтүшү ыктымал. Бул багытта ЕККУ Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө даяр. Мындай пикирин ЕККУнун Кыргызстанга иш сапары менен келген төрагасы Димитрий Рупель Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Ошондой эле жолугушуу учурунда ЕККУ төрагасы Жогорку Кеңеш депутаттарынан Кыргызстанга кандай жардам керектиги тууралуу өз сунуш-пикирлерин жазуу түрүндө берүүнү өтүндү. Ушул эле күнү Димитрий Рупель президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен жолугушуу өткөрдү.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG