Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

АКАЕВ ДА ЖЕР БЕРГЕН, ЖЕР БАСЫП АЛУУЛАР, ЭЛДИК КОШУУНГА ҮСӨНДҮН ЫСМЫ БЕРИЛДИ


19-апрелдеги “ Агым” гезити убактылуу өкмөттүн кадр саясаты, учурдагы кырдаал жана Бишкектин айланасындагы жер талашуулар тууралуу жазды. Ал эми 19-апрелдеги “Аалам” гезити Кыргызстан элдеринин курултайын чакыруунун зарылдыгын, Аскар Акаевдин каталыктары тууралуу макалаларга орун берди.

19-апрелдеги “ Агым” гезитинде кабарчы Бурул Мусабекова экономика илимдеринин доктору, илимпоз Бекташ Кылычбеков менен маектешкен.
Анда өлкөдөгү убактылуу өкмөттүн курамы, кадр саясаты тууралуу кеп болот. “Устатынан шакирти өтөт дегендей, Аскар Акаев 15 жылда жасаган кадр которуусундагы башаламандыкты Курманбек Бакиев 15 күндүн ичинде жасап койду. Кишини билгиң келсе, ишине кара демекчи, жаңы келген өкмөттүн курамында Данияр Үсөновго, Ишенбай Кадырбековго окшогон, элдин купулуна толгон ишбилги кадрлар келди.

Бирок азыркы бийликьин курамына бир кездеги Акаевдин камчысын чаап, аны менен табакташ болуп жүргөн кээ бир инсандардын келишине көпчүлүк нааразы” дейт Бекташ Кылычбеков.

“Курманбек Бакиев бийликти сактап калам десе, акылмандык кылып, элдин пикири менен макул болгону жакшы. Андыктан айтылган пикирлерди четке какпай, акыл калчап иш аткарбаса, тез эле тагынан тайып калышы ыктымал”, деген пикирин айтат “Агым” гезитинде экономика илимдеринин доктору Бекташ Кылычбеков.

“Агым” гезитинин кабарчысы Айнагүл Сапарбек кызына Жогорку соттун судьясы Алмира Мамбеталиева үч жыл мурда Аксы окуясында курман болгондордун үч үй-бүлөсүнө 1 млн. сом өлчөмүндө кыргыз өкмөтүнүн атынан Каржы министрлигинен өндүрүлсүн деп токтом кабыл алынганын чечмелейт.

“Жоопко тартылгандар акталып чыккан. Бирок, кайрадан жаңы ачылган жагдайларды көрсөтүү менен сотко кайрылышса болот. Башкы прокуратура бул боюнча терең изилдесе керек,”дейт судья Алмира Мамбеталиева.

Гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова айтып берди.

- Гезиттин жаңы редактору Талант Конокбаев тууралуу маалымат, жаңы парламенттеги сессияда каралган башкы маселелер, учурдагы кырдаал, алдыдагы президенттик шайлоого катышууга талапкерлер тууралуу пикирлер, “Замана” телеберүүсүнөн жер талашуулар тууралуу көрсөтүүдө Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев тууралуу жалган маалыматты төгүнгө чыгарган сокулуктуктардын билдирүүсү, Аскар Акаевдин отставкасы тууралуу Бермет Букашеванын макаласы, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов менен маек, Мелис Эшимкановдун депутаттык мандаты эмне үчүн кечиктирилүүдө деген маалыматтар, жер басып алуулар тууралуу түрдүү пикирлер, окурмандардын каттары чыкты.

19-апрелдеги “Аалам” гезитинде Аскар Акаевдин тушунда 10 жыл ичинде 100 миңден ашуун атуул жерге ээ болуп, 27 миңден ашуун адамга үй куруу үчүн Бишкектин айланасынан жер берилгени, 24 жаңы конуштар пайда болуп, 15 мектеп салынганын Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилейт.

“Бул жаңы конуштардын инфраструктурасы үчүн 1 млрд. 800 млн. сом каражат бөлүнгөн. Жер участоктору мыйзам чегинде бир атуулга өмүрүндө бир ирет гана берилиши керек. Аны кызыл кулактык кылып сатууга тыюу салуу зарыл”, дейт депутат Каныбек Иманалиев “Аалам” гезитине берген маегинде.

“Аскар Акаев өз убагында абийири менен бийликтен кетсе, кызы да, уулу да уят болбос эле. Мурдакы бийликтин адамдары талап-тоноочулук кылышып, жер маселелерин чыгарышып, трайбализм кызыкчылыгын көздөшүүдө”, дейт белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун “Аалам” гезитине берген маегинде.

Ал Аскар Акаев бийлигинин кулап калышынын себептерин талдоого алып, 1994- жылдан баштап, мыйзам бузууларга жол берип, чексиз бийлигин орнотконун, Аксы окуясындагы кан төгүүгө жол бергени жана Үзөңгүкуушту Кытайга берүүсү боюнча кылмыш ишин козгоонун зарылдыгын, мыйзам алдында жооп берүүсү керектигине токтолгон.

Ушул эле гезитте кандай мазмундагы макалалар жарыяланганын редактордун орунбасары Аида Надырбекова айтып берди.

-Учурдагы кырдаал, түндүк-түштүк маселеси, убактылуу өкмөттүн иш- аракеттери тууралуу өз пикирин билдирген Рысбек Абдиевдин “Кыргыздардын курултайын тезирээк чакыруу керек” деген макаласына орун берилди. Анда “биз ичкилик же аркалык болобузбу, бөлүүгө болбогон Кыргыз калкыбыз. Учурдагы бөлүп-жарууларга жол бербеш керек. Элдин ынтымагы барынан кымбат” деп курултайды өткөрүүнүн зарылдыгын кеп кылат

“Элдик патриоттук кыймылдын эрендери эмне дейт” деген рубриканын астында Турсунбек Акун менен Нурлан Мотуевдин маектери жарык көрдү.”Эл көксөгөнүнө, максатына жетти. Эми алдыда мамлекеттин келечегин, тагдырын аныктоочу президенттик шайлоо турат. Бул өтө жоопкерчиликтүү шайлоогдо эл татыктууну жаңылбай тандап алуусу зарыл”,
дейт Нурлан Мотуев.

18-апрелдеги “Вечерний Бишкек” гезити борбор шаардын айланасындагы жер участокторун ээлеп алышкандардын мүдөөсүн жаңы бийлик мыйзам чегинде өтө муктаждарга гана чечип бере тургандыгын, айдоо аянттарын, бош жерлерди мыйзамсыз ээлеп алууга болбостугун маалымдады. Гезит кабарчылары Азамат Касымбеков менен Кубанычбек Мукашев жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алышкандардын арасына кошулуп репортаж уюштурушкан.

10-апрелде Ортосайдагы үйүнөн атылган Кыргызстандын каскадерлор ассоциациясынын президенти, дүйнөгө таанымал каскадер Үсөн Кудайбергеновдун ысмы өзү түзгөн элдик кошуунга ыйгарылганын, бул кошуундун мүчөлөрү 20 миңден ашып, өлкөдөгү талап-тоноолорго, мыйзамсыздыкка жол бербестиги жана Бишкектин бир көчөсүнө Үсөн Кудайбергеновдун ысымын ыйгаруу сунушу тууралуу “Вечерний Бишкек” гезити кабарлады.

19-апрелдеги “Эркинтоо” гезитинде “Өлкөдөгү жарандык абалдын актылары” тууралуу мыйзам, Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин маеги жарык көрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG