Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Түркмөнстанда чет элдиктердин жергиликтүү тургундар менен баш кошуу тартиби бир аз жеңилдетилди


Өлкөнүн Үй-бүлө кодексине чет элдиктердин түркмөн жарандары менен баш кошуу тартибин бир аз жеңилдеткен өзгөртүү киргилди. Маселен буга чейин түркмөн кыздарына үйлөнгүсү келген чет элдиктердин Түркмөнстандын аймагында жеке менчиктеги турак үйү болушу жана 50 миң доллар өлчөмүндө камсыздандыруу акчасын күрөөгө коюшу керек эле. Эми президент Сапармурад Ниязов кол койгон документке ылайык, мыйзамдан турак-жай жөнүндөгү эреже алынып салынды, бирок акча жөнүндөгү жобо күчүндө эле калтырылды. Түркмөн бийликтеринин ырастоосунда, бул каражат чет элдикке турмушка чыккан кыздар кокус ажырышып кетсе, анын өзүн жана жашы жете элек балдарын камыздоо үчүн жумшалат.

Кечки жаңылыктарды даярдаган -Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG