Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Израил Иордандын Батыш жээгинде жаңы үйлөрдү курат


Изралдин өкмөтү бүгүн АКШнын чакырыктарына карабай Иордандын батыш жээгиндеги конуштарда жаңы 50 үй куруу планы бар экенин жарыялады. Мындан бир апта мурда эле АКШнын президенти Жорж Буш жөөт өкмөт башчысы Ариэль Шарон менен жолугушусунда "Жол картасы" тынчтык планы боюнча милдеттемесин карманып, жөөт конуштарынын аймагын кеңейтпөөгө үндөгөн эле.

Иордандын Батыш жээгин өз жери деп эсептешкен палестиндер бул аймактарда жөөт конуштары турушуна каршы. Мунун аралыгында Израилдин өкмөтү Газа секторундагы жөөт конуштарынын тургундарын көчүрүү операциясынын мөөнөтүн үч аптага артка жылдырууну караштырып жатканы маалымдалды. Мурда Газа секторундагы конуштардын баарынан жана Иордандын Батыш жээгиндеги төр конуштун тургундарын көчүрүү 20-июлда башталып, төрт аптада аяктаары белгиленген.

XS
SM
MD
LG