Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:16

Орусиянын Сибирдеги үч чөлкөмү биригүүнү чечти


Жекшембиде өткөн референдумда Красноярск крайынын, Эвенкин жана Таймыр автоном округдарынын калкынын басымдуу бөлүгү алардын биригүүсүн колдошту. Биригүүнү жактагандар Красноярск крайында добуш бергендердин 90%, Таймырда 70%, Эвенкинде 80%дайын түзгөн. Бүгүнкү өкмөт жыйынында орус президенти Путин биригүүнүн максаттары тууралуу мындай деди:

-Мындай өңүттөгү иш чаралардын максаты калктын турмушун жакшыртуу. Алар барыдан мурда социалдык, каржылык, экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүүгө жардам бергенде гана жүйөөлүү боло алат.

Эми эки округдун кошулуусу менен Красноярск крайы Орусиянын экинчи чоң чөлкөмүнө айланат. Анын аймагы, маселен, Германияныкынан алты эсе чоң, бирок калктын саны 3 миллиондун эле тегерегинде.

XS
SM
MD
LG