Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

КЫТАЙ ЖАПОН-МАМИЛЕЛЕРИ ЖАКШЫ ЭМЕС


Жаңыл Жусупжан, Прага Кытай өкмөтү экит өлкө ортосундагы саясий алака 30 жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин мойнуна алды. Кытайда жапондорго каршы тополоң, демонстрациялар өткөн аптанын соңунда да уланып, үч жумадан берки бул окуялар аймактагы туруктуулукка салакасын тийгизбесе экен деген тынчсызданууну жаратууда.

Кытай менен Жапониянын ортосун аралаган кара мышык - Токио өкмөтү жактырган тарых китеби болуп калды. Ал китепте жапон аскерлеринин Экинчи дүйнөлүк согуштагы мыкаачылыктары жымсалданган деп эсептеген кытай атуулдары бир катар шаарларда жапон ресторандарын, консулдуктарды дембе-дем ташбараңга алышууда.

Учурдагы кырдаалды мүнөздөп, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ву Давей:
- Ушул тапта кытай-жапон мамилеси оор кыйынчылыкты башынан өткөрүп жатат. Бул 1972-жылы ортодо дипломатиялык алака түзүлгөндөн берки эң олуттуу сынак болуп калды, - деди.

Кытай учурдан пайдаланып Жапониянын Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуп киришине да бут тосууда. Ортодо Тайван боюнча да пикир келишпестик бар.

Жапониянын өкмөтү согуш мезгилиндеги окуяларга байланыштуу Кытайдан бир нече ирет кечирим сураганын белгилеп, Кытайдын өзүндө жарык көргөн окуу китептери ашкере чынчылдыгы менен айырмаланбай тургандыгын, мисалы коммунисттик репрессияларда миллиондогон кишинин набыт болгондугу тууралуу сөз да жок экендигин айтууда.

Рана Миттер сыяктуу Кытай таануучулар жапондордун жаңы тарых китеби Кытайда көптөрдү кыжырдантканында күмөн жок дешет. Ошол эле учурда Оксфорд университетинде иштеген Миттер учурдагы кырдаал Кытай өкмөтүнүн кызыкчылыгында болуп жатат деп эсептейт.

Чынында эле, эгер Бейжин Жапонияны Коопсуздук Кеңешине жолоттурбай, Тайван боюнча оозбасты кылса, дипломатиялык чоң ийгиликке жеткен болот. Ошол эле убакта, келечегин ойлосо Бейжиндин Токио менен элдешкени туура болот деп эсептейт Миттер.

- Кийинкисин ойлосо, Кытай жапондор менен алакасын оңоого кызыгат. Кытайда экономика күн санап эмес, саат санап өсүп атканы менен дале пайдубалы бекемделе элек, - деп айтты изилдөөчү.

Жапониянын согуш мезгилиндеги тарыхы жана анын жапон окуу китептеринде чагылдырылышы боюнча биринчи жолу талаш чыгып жаткан жок. Бул жылдары Кытай тараптан азыркыдай бир нече нааразылык аракеттери болгон, бирок ар дайым талаш жең ичинен басылчу. Бул ирет да ошондой эле болот дейт Миттер:

- Буга чейин жапондор финансылык сунуштар менен чыгып, кытайлар тез эле унчукпай калышчу. Кытайда коомдук талкуу жана нааразылык акциялары мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдө болгондуктан, Кытайдын өкмөтү жакын арада гезиттерде бул маселени козгоого тыюy салып, коопсуздук полициясына демонстрацияларды өткөрттүрбөй койсо эле иш бүтөт, - дейт Оксфорддук аналитик.

Айткандай эле, өткөн аптанын соңунда Бейжиндин борборундагы Тянанмен аянтында пландалган Жапонияга каршы демонстрациялар болбой калды. Буга караганда, Кытай бийликтери демонстранттардын чектен чыгып кетишинен чочулай баштаган сыяктанат. Кытайда тополоң токтобосо, аймактык эларалык соода үзгүлтүккө учурап, Түндүк Кореянын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр кечеңдеши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG