Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

КАРДИНАЛДАР ЖАҢЫ РИМ ПАПСЫН ШАЙЛАЙ БАШТАШТЫ


Дүйшөмбүдө Ватиканда кардиналдар жаңы папаны шайлай башташты. Фавориттер арасында германиялык кардинал Йозеф Рацингер жана италиялык Анжело Содано аталып жүрөт. Кардиналдар 12 күндүн ичинде Рим католик чиркөөсүнүн башчысын тандай алышпаса, добуш берүүнүн шарттары өзгөртүлүп, жаңы папа жөнөкөй көпчүлүк менен шайланат.

Конклав деген сөздү латин тилинен которсок, ал “ачкыч менен бекитилген бөлмө” дегенди билдирет. Кылымдардан бери уланып келаткан салт боюнча конклав башталган күнү кардиналдар Ватикандагы Сикстин капелласына кирип, эшигин ачкычка бекитишет. Жаңы папанын ысымы белгилүү болмоюнча кардиналдар сырткы дүйнө менен байланыша алышпайт. Аларга чөнтөк телефон, гезит-журналдарды, интернетти пайдаланууга тыюу салынат.

27 жылдан бери алгачкы жолу чогулган конклавка 52 өлкөдөн 115 кардинал келди. Алар 265-папаны шайлашмакчы.
Адатта бул жараян 3-5 күнгө созулат.

Иоан Павел Экинчи дүйнөдөн кайткандан бери чиркөөнүн доктринасы боюнча префект, немис улутундагы кардинал Йозеф Рацингер фаворит катары аталып келатат.
“Ватикан” журналынын редактору, тарыхчы Роберт Мойнихан конклавка чейнки талкууларда кардиналдар талапкерлердин диний жана саясий көз караштарына көп көңүл бурушканын айтат:

Кардинал Йозеф Рацингер адам баласынын ички жан дүйнөсүнүн мистикасына катуу ишенген адам. Рацингер экономикалык маселелерге келгенде акыйкат болбойт деп айта албайм, бирок ал өз ишинде ошол маселелерди алдыңкы планга койбойт. Ошон үчүн Рацингерди латин америкалык, италиялык прогрессивдүү кардиналдар сындап жүрүшөт.


Иоан Павел Экинчинин жакын шакирти катары белгилүү Рацингерди 50 чакты кардинал колдойт. Папалыкка шайланыш үчүн ага 77 добуш керек. Тарых көргөзгөндөй, фаворит деп аталып жүргөн кардиналдар чанда эле жеңишкен.
Римде “Конклавка папа болуп кирген адам кардинал болуп чыгат” деген эски макал бар.

Мойнихандын айтымында, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөн келген кардиналдар диний салттарга караганда социалдык маселелрге көбүрөөк көңүл бурган талапкерге артыкчылык беришет.

Консервативдүү католикалык турумга альтернатива катары алар бразилиялык кардинал Клаудио Хуммес өңдүү кишини сунуш этишет. Хуммес президент Луланын жакын досу. Прогрессивдүү кардиналдар элдин турмушун оңдоону, алардын башына түшкөн түйшөктөргө чекит коюуну көздөшөт.

Бирок кайра эле тарых далилдегендей, бул жолу да кардиналдар компромисстүү фигурага токтошот көрүнөт. Алардын катарында миландык кардинал Дионижи Теттаманци жана франциялык кардинал Жан-Мари Лустижер бар.

Иоан Павел Экинчинин ордун баса турган папанын аты биринчи эле күнү белгилүү боло калбайт. Андыктан шейшембиден тарта кардиналдар жаңы папа шайланмайынча күнүнө 4 жолудан добуш беришет.
Капелладан ак түтүндүн чыга башташы Рим католик чиркөөсү жаңы жетекчиге ээ болду дегенди билдирет.

1978-жылы маркум Иоан Павел Экинчи тандалганда, конклав 3 күнгө созулган. Баса, анда польшалык кардинал Карол Войтыла папа болот деп эч ким деле ойлогон эмес.

XS
SM
MD
LG