Дүйшөмбү күнү Израил өкмөтү Батыш Иордандагы жөөт маалеллеринде кошумча дагы 50 там салынарын жарыя кылган эле. Өткөн жумада Техаста болгон жолугушууда АКШ президенти Жорж Буш Израилдин премьер-министри Ариель Шаронду “Жол картасы” тынчтык планын урматтоого жана жаңы конуштарды курбоого чакырган. Израил бийликтери Газа тилкесиндеги жашаган 8 миң жөөттү көчүрүү планын кийинге калтырышы ыктымал деп болжолдонууда.