Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Рим-католик Папасын шайлоо бүгүн да улантылат

Ватикандын Сикстин капелласында чогулган 115 кардинал дүйшөмбү күнү Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы-Папаны шайлай алышкан жок.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы-ибадатканын морусунан кара түтүн чыкканда белгилүү болду. Кара түтүн бир да талапкер көпчүлүк добушка ээ болбогонун билдирет. Диниятчылар бүгүн эртең менен эки ирет сака салышат. Анда да 2-апрелде узап кеткен Папа Иоан Павелдин мураскери шайланбаса, бешимден кийин дагы эки жолу добуш берүү болот.
XS
SM
MD
LG