Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:50

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН ӨТКӨНДҮ ТАЛДОО КЕЗЕГИ КЕЛДИ


24-марттагы бийлик алмашуусунан кийинки Кыргызстандагы ыңкылап маанайы мезгилдүү басылмалардын кыйласында талдоого алынууда. Жаамы журттун көтөрүлүшү көп учурда бүтүндү бүлдүрүү менен коштолору көпчүлүктүн ыңкылапчыл демин сууткан окуялардан болду. Алдыда президент шайлоо туру.

Кыйладан бери Бишкектеги парламенттин алдында сүрмөтоп нааразылык билдирип жыйын куруп, сүрдымак көрсөтүп турат. Таласта да жол тосуп парламенттин тарашын күтүп жаткандар арбын. Калктын көбү президенттин айдай кызы Бермет Акаеванын депутаттык мандатын алып, аны Болот Мариповго беришин талап кылышууда, деп жазды шейшембидеги «МСН» гезити.

Публистчи Вячеслав Тимирбаев элдик ыңкылапты коштой келген талоончулукту атайын күчтөр уюштуруп жатканына, эл бийлиги орношун каалабагандар дагыле эле арбын экенине «Башаламандык кимдин кызыкчылыгында?» деген макаласында токтолгон.

«Бүгүн кыргызстандыктар, чын-чынына келгенде, дагы барымтада калышты. Өлкөнүн келечеги менен эл тагдыры кимдин өктөмү үстөм болушуна байланыштуу», дейт макала автору.

Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров президент болгусу келгендер сыноо алдында мырза келишимин түзүп, утушка ээ болгону конституциялык реформа өткөрүүгө макулдугун берип, эмитен мунасага келиши керек деп эсептейт. Себеп дегенде, Кыргызстан экинчи ыңкылапты көтөрө албайт.

Ыңкылап демекчи, 24-марттагы окуялардын жүрүшү жөнүндө «МСН» гезити Таалай деген жигиттин күндөлүгүн жарыялады. Күндөлүк «Дүйнөнү дүңгүрөткөн бир күн» деп аталат.

Аскар Акаевдин уулу Айдардын бизнеси, сыртка чыгарылып кеткен 22 миллион доллар, энергетика тармагын «үй-бүлө» кантип башкарып келгени Лариса Ли менен Т.Касымалиевдин макалаларында козголгон.

Айдар Акаев менен Нурбек Турдукуловдун «Бител» компаниясынын айланасындагы талашка чекит коюла элек. Уюлдук байланыштын заманбап технологиясына ээ чыккан компаниянын жетекчиси ушу тапта үй-бүлөсүн алып Европанын кайсы бир өлкөсүндө качып жүрөт. Айдар Акаев атасын ээрчип Москва жанында баш калкалап жүрү, деп маалымдайт макала автору.

Өткөн кыштан бери Бишкектеги Каражыгач багын кыюу күчөп кетти, деп маалымдайт шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити.

Мамлекеттик тилди билүү Акаев режими тушунда бийликке жакпагандарды ара жолдо калтыруунун ыңгайлуу ыкмасы болчу. Эми болсо кыргыз тилин чала-моңол түшүнгөн, татаалдашкан экзаменсиз эле талапкерди чоң сыноого чыгууга уруксат берүү керектигин Кыргызстан жаштар клубунун мүчөлөрү көтөрүп чыкканын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады.

Жаштар клубунун ырасташынча, кыргыз тилин жакшы билбеген талапкерди ара жолдон кайтаруу калк наарзылыгын жаратышы ыктымал. Жаштар президент болуучу талапкердин кыргыз тилин мыкты билиши кажет эмес, ал экономикалык маселелерди жакшы чечсе болду деген пикирди карманышат.

Жаңы өкмөт ыңкылаптан кийинки ыңтайлуу шартты ыкчам пайдалана албады, деп жазат Кубан Мамбетов. Ага К.Бакиевдин айланасындагы адамдардын чечкинсиздиги, анан да жаңы парламенттин төрагасы Ө.Текебаевдин өкмөт башчыга карата салкын-суз мамилеси кедергисин тийгизди. Автордун ырасташынча, К.Бакиевдин жаңы парламент алдында ант бериши чоң чыр-чатак менен өткөн парламент шайлоонун мыйзамдуулугун ырастоо элдин жаңы бийликке деген ишенимин кыйла суутуп салды.

Бермет Акаеванын парламентте иштөөгө келгени кырдаалды кыйла курчутуп койгонун шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити «Эрке кыз, эл тынчтыгын бузба!» деген аталышта пикирлер топтомунда чагылдырды. Басылмада мындан үч жыл илгери милиция огунан курман болгон аксылык азаматтардын жакындарынын пикирлери, буга чейин каргашалуу окуя укуктук баасын алабай келатканы баяндалган.
XS
SM
MD
LG