Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Милиционерлердин маянасын жогорулатуу маселеси талкууда


БИШКЕК. Ушул жылдын 15-майынан тарта тартип коргоо орган кызматкерлеринин айлык маянасы 50 процентке жогорулайт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, ага кеминде 97 миллион сом зарыл. Ошон үчүн азыр өкмөт бул маселе боюнча Эларалык валюта кору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын макулдугун алган жатат. Мындай маалыматты 19-апрелде Каржы министрлиги таратты. Өкмөт ушул жылдын жайында мугалимдер менен дарыгерлердин маянасын да жогорулатууга кам көрүүдө. Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, быйыл бюджеттик мекеме кызматкерлеринин маянасы үчүн 5 миллиард 499 миллион сом каралган. Бул 2004-жылга салыштырмалуу 2,5 миллиард сомго көп. Мекеме кызматкерлеринин маянасы азыр орто эсеп менен 1 миң 530 сомду түзөт. Ал эми айына керектелүүчү эң төмөнкү деңгээлдеги каражаттын көлөмү быйыл 1 миң 860 сом болот деп болжолдонгон.

XS
SM
MD
LG