Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:35

Р.Отунбаева студенттер менен жолугушту


БИШКЕК. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 19-апрелде Акаевдин бийлиги маалында калыс шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес болчу, ага эл эми гана мүмкүнчүлүк алды деп билдирди. Ал мындай пикирин Кыргыз-Славян университетинин студенттери менен жолугушууда билдирип, президенттик шайлоо учурунда студенттерди кол бала болбоого чакырды. Анын айтымында, президенттик шайлоого катышам деген 10дон ашык саясатчынын көбүнүн коомдо алган орду салмактуу. Ошон үчүн таймаш катуу болот, бирок талапкерлер бири-бири менен ымалага келет деген үмүт зор. Студенттердин суроосуна жооп берген Роза Отунбаева Бермет Акаеванын Кыргызстанда болушу кырдаалды курчутуп жаткандыгын, ал эми Айдар Акаев өнөктөштөрү менен каршылык көрсөтүшү мүмкүн экендигин белгилеп, «Мээрим» фондусуна тиешелүү имаратка балдардын чыгармачылык үйүн жайгаштыруу ыңгайлуу болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG