Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:22

Экс-президент менен анын жакындарынын байлык, мүлкү такталат


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 19-апрелде экс-президент Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана айланасындагы жакын адамдарга тиешелүү мүлккө байланыштуу жардыкка кол койду. Ал жогоруда аталган адамдардын айрымдарынын өлкөдө жоктугунан улам алардын мүлкүнүн сакталышын камсыз кылуу жана мүлк, байлыкка алар кандай жол менен ээ болгондугун аныктоону талап кылган элдин мүдөөсүнө ылайык чыгарылды. Бул маселени иликтөөчү мамлекеттик комиссия түзүлүп, төрагалыгына вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов дайындалды жана курамына тартип коргоо органдарынын, бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражат өкүлдөрү кирди. Экс-президент менен анын жакындарына тиешелүү жайлардын, мүлктөрдүн болжолдуу тизмеси түзүлүп, комиссия аны текшерүүнүн жыйынтыгын өкмөткө бир айдын ичинде билдирүүгө милдеттендирилди. Жардыкка ылайык комиссия ишинин аягына чыккычакты экс-президенттин үй, мүлкү менен жайларын сатуу же ижарага берүү иштери убактылуу токтотулду. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге каршы кылмыш ишин козгоп, тергөө дыкат жүрүп жаткандыгын ушул күнү «Кабар» агенттиги жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG