Кондализа Райс, ырасмий маалыматтарга ылайык, россиялык жетекчилер менен президент Жорж Буштун сапарына байланыштуу маселелерди талкуулайт. Америкалык президент башка лидерлер менен бирге дүйнөлүк экинчи согуштагы жеңиштин 60 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышканы Москвага 9-майда келмекчи. Бу маселеден тышкары Райс Москвада демократиялык реформалар маселесин,анын ичинде сөз эркиндигине байланыштуу Россиядагы кырдаалды да кеп кылат деп айтылууда.