Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Украина өкмөтү Россияга доомат кылды


Украин бийликтери россияны Кара деңиз боюндагы Севастополь деңиз базасын пайдалануу жөнүндөгү келишимди бузду деп күнөөлөдү. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Дмитро Свистковдун маалымдашынча:


– Россия жерди жана имараттарды башка адамдарга же компанияларга келишимде каралгандан бөлкөк иштер үчүн ижарага берүүдө. Украин бийликтеринен уруксат болбой туруп, жаңы курулуш түшүүдө, реконструкция жүрүүдө жана имараттар бузулууда. Бир катар ижарага берилген жерлер жана курулуштар тийиштүү акы төлөбөй падаланылууда. Айлана-чөйрө да булганууда.

Свистков билдиргенге карганда, Россия 1997-жылкы келишмге ылайык, жээкте орнотулган айрым деңиз жабдууларын кайтаруудан баш тартууда.
Россия келишим боюнча Севастополдогу деңиз базасын 2017-жылга пайдалана алат.

XS
SM
MD
LG