Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:34

Р. Отунбаева иш-сапары менен Өзбекстанга барат

БИШКЕК. 21-23-апрель күндөрү Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдеттерин аткаруучу Роза Отунбаева иш сапары менен Өзбекстанда болот. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Өзбекстандагы иш сапарынын алкагында Роза Отунбаева Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзоев, тышкы иштер министри Эльер Ганиев менен жолугушат. Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки тараптуу саясий, экономикалык кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун талкуулашат. Кыргызстан менен Өзбекстан 1996-жылы Түбөлүк достук жөнүндөгү келишимге кол коюшкан.
XS
SM
MD
LG