Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Жер алып берем деген шылуундар көбөйүүдө


БИШКЕК. Бишкектин айланасындагы жерлерди өз алдынча басып алуу шаардын генералдык планына карама каршы келет. Бул тууралуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Анвар Турсунов 20-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкектин айланасындагы жерлер текшерүүгө алынып, жер басып алуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми ушул эле күнү күндүзгү саат 13тө Тунгуч кичи району тараптагы жерди басып алгандардын 13-тобунун жетекчиси Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Сайдулла Бабаев бир келинден жер алып берем деп, 1 миң сом пара алып жатканда милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Анын иши тергөөгө берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүмнүн жетекчиси Жаныш Сыдыгалиев 20-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурдагы оор кырдаалдан пайдаланып, жер алып берем деп шыглуундар көбөйүүдө. Айрымдары ички иштер кызматкерлери тарабынан колго түшүп, учурда тергөө жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG