Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ЭКИ ЖААТ БОЛУП МИТИНГ ӨТКӨРҮҮДӨ


Ырысбай Абдыраимов 21-апрелде Жалалабат облусунун Кочкората шаарындагы “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун алдында аталган ишкананын Башкы деректирлик кызматын талашкан тараптардын митинги болуп өттү. Ага эки жактан 500дөй адам катышып, мекеменин кызматкерлери Башкы деректирликке өздөрү 18-апрелде шайлаган Тимур Мураталиевди бекитип берүүнү, экинчи жактагылар болсо президенттин жардыгы менен Башкы деректирлик кызматка убактылуу дайындалган Пайзулла Рахмановдун өз ишин баштоосуна мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышууда. 18-апрелден бери улантылып келаткан митингдин жаатташкан катышуучулары өз максаттарына жетмейинче акцияларын токтотпой тургандыгын билдиришти.

Митингдин төрт күндөн бери токтобой жатышына «Кыргызнефтегаз» акционердик коомунун башкы деректирлигине ишкананын жамааты шайлаган Тимур Мураталиевдин бекитилбей, ал кызматка президенттин жардыгы менен убактылуу дайындалган Пайзулла Рахмановдун мекемеге киргизилбегени себепчи болду.

Ишкананын кызматкери Асылбек Түмөнбаев:

- Биз Мураталиевди шайлаганбыз. Ошол боюнча биз Жогорку бийликке, чиновниктерге, убактылуу президентке кайрылуу жасадык эле. Үч-төрт күндөн бери жооп жок - деди.

Жумушчу Меринса Кайыпова элдин мүдөөсү бийликке жетпей атканына таң калганын жашырбады:

- Биз алар кайсы убакта келип басып отуруп алат деп кыжалаттабыз. Же алар, же биз кетпей атабыз. Бийликтегилер ушуга көңүл буруп, карапайым элдин мүдөөсүн угуп, чечип койсо болот эле. Төрт-беш күндөн бери кайрылуубуз Бакиевге жетпегендигине биз таңкалабыз - деди Меринса Кайыпова.

Акыбай Сооронбаев Аскар Акаевдин бийлиги калктын пикирин эске албаганы үчүн кулаганын ортого салды:

- Мына элди укпай жүргөн президенттин аягы эмне болуп бүттү. Мындай тирешүү жакшылык менен бүтпөйт. Ошону кылбаш үчүн баары ушул жерге келип, эл менен сүйлөшүп, түз чечип бериши керек.

Кубаныч Садырбаевдин ою боюнча президенттин милдетин аткаруучу К. Бакиевдин ишине тоскоолдук кылгандар Мураталиевди кызматка бекиттирбей жатышат:

- Бакиевдин жасап жаткан ишине анын жан-жөкөрлөрү тоскоолдук кылып атат. Мунай боюнча адистер жок, эгерде азыр Тимур Мураталиевди да жоготсок, анда кантип 75 миң тоннаны өндүрөбүз. Ушуга окшогон профессионалдарды биз жогото берсек, эртең эмне кылабы?.

Ишкананын жамааты имаратты ичинен бекитип алышкан.

Замира Сапарова Пайзулла Рахмановдун эч кимди кызматтан алаар ою жок экендигин айтты:

- Пайзулла бул кишини алып таштайын деген жок. Келип ушул жерге жакшылап иштеп берейин, эмгектенейин, мен деле ушул жердин кулунумун, улутум кыргыз деп жатат.

Максаттарына жетмейинче акцияларын токтотпой тургандыгын билдирген жаатташкан тараптар

- Чоңдор жактан улутка бөлгөн сөздөр да чыгып кетти. Бул туура эмес. Ошон үчүн мен сиздерге айтаарым, жакшынакай болуп митингди токтотуп, анан тигилерге карап көрөбүз - деген Абдракман Исаковдун сунушуна да макул болушкан жок.

Пайзулла Рахмановдун оюнда мекемедеги митингди кылмыш жэасап, бети ачылаар адамдар уюштурууда:

- Мунун бир эле себеби бар. Бул «Кыргызнефтегазда» коррупция эң терең, эң чоң өлчөмдө болуп келе жатканынын бардыгы көрүп, билип турат. Ошол нерсенин бети ачылбасын деп эле уюшулган нерсе бул.

Митингге эки жактан 500дөн ашык адам катышып, ал 22-апрелде да улантыла турган болду.

XS
SM
MD
LG