Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жалалабад облусунун Кочкората шаарында митинг улантылды


ЖАЛАЛАБАТ. “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун жамааты өткөргөн митинг ишкана тарабынан шайланган Тимур Мураталиевди башкы деректирликке бекитүүнү жана ал жөнүндө убактылуу президентке жиберилген кайрылууга өкмөттүн жооп берүүсүн талап кылышты. Бийликти элдин каалоосу менен эсепттешүүгө чакырышып, мунай жана газ адиси гана тармакты өргө жылдырарын белгилешти. Убактылуу президенттин жардыгы менен ал кызматка дайындалган Файзулла Рахмановдун жактоочулары анын баш деректирликте иштөөсүнө мүмкүндүк берүүнү талап этишти. Удалаш өткөрүлгөн мындай митингдерге эки тараптан беш жүздөй адам катышып, эки жак тең өз максаттарына жетмейинче таркашпай тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG