Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Март ыңкылабына алып келген себептер Жогорку Кеңеште талкууланат


БИШКЕК. 22-апрелде Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 24-марттагы ыңкылапка алып келген себептерди иликтөө боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда маалымат берет. Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен март ыңкылабына алып келген себептерди жана өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссияны Коопсуздук кеңешинин милдетин аткаруучу Мирослав Ниязов жетектеп, анын курамына Башкы прокурор, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү киргизилген.

XS
SM
MD
LG