Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Токон Шайлиеванын тарапкерлери Өкмөт үйүнө келишти


БИШКЕК. 21-апрелде Өкмөт үйүнүн алдына аялдардын жана жаштардын «Жаңы күч» саясий партиясынын лидери, Ысыккөл облусунун мурдагы губернатору Токон Шайлиеванын тарапкерлери нааразылык билдирип чыгышты.
Токон Шайлиеваны кызматтан эмне себептен алгандыгын түшүндүрүп берүүнү талап кылышты. Алар «Кадрлар ишкер сапатына жараша дайындалсын!», «Ысыккөлдүн келечеги Шайлиеванын колунда!» деген өңдүү талаптарды коюшуп, Өкмөт үйүнүн үч тарабында туруп, президенттин милдетин аткаруучу премьер министр Курманбек Бакиевдин талаптарга жооп берүүсүн үн күчөткүч аркылуу талап кылып жатышты. Ушул эле күнү кечке жуук президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, Токон Шайлиеваны бул күнү президенттик администрация башчысынын милдетин аткаруучу Үсөн Сыдыков кабыл алып, анын кызмат ордуна байланышкан маселени 10-майга чейин чечүүнү убадалашты. Бул тууралуу уюштуруу бөлүмүнүн кызматкери Талант Бекжанов билдирди.
Шайлиева 24-марттан кийин жумуштан алынган. Анын ордуна адегенде Ишенбай Молдоташев, ал эми өткөн аптада Эсенгул Өмүралиев губернатордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG