Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

ОРУС ТИЛДҮҮ КАЛКТЫН КӨЧҮП КЕТИШИ КҮЧӨДҮ


Азиза Турдуева Кыргызстанда март айынын аягында орун алган окуялардан кийин өлкөдөн көчүп кетүүгө ниеттенген орус тилдүү атуулдардын саны жогорулоодо. Мындай маалыматты Россиянын ички иштер министрлигинин Миграция иштери боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгү да, өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин Миграция департаменти да тастыктоодо.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция департаментинин маалыматтарына караганда, акыркы бир айдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткан атуулдардын саны эки жарым эсеге жогорулады. Бирок, аталган департаменттин кызматкери Игорь Громовдун айтымында, мындай көрүнүш жыл сайын жаз айларында байкалат.

- Жаздын башталышы менен эл иш табуу максаты менен чет өлкөлөргө кете башташат. Мисалы акыркы бир айдын ичинде эле чет өлкөгө кеткен адамдардын саны 2,5 эсеге жогорулады. Ошондуктан, 24-марттагы окуяга байланыштуу гана өлкөдөн кеткендердин саны көбөй дү десек, анча туура эмес болуп калат. Бирок, албетте, өлкөдөгү соңку саясий окуяларга байланыштуу да кетип жаткандар бар. Ошондуктан, тышкы миграция жаздын келиши менен да, ошондой эле соңку окуяларга да байланыштуу белгилүү деңгээлде жогорулады - дейт Миграция департаментинин кызматкери Игорь Громов.

Россиянын ички иштер министрлигинин Миграция иштери боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Николай Ермолаевдин пикиринде, албетте, 24-марттагы ыңкылаптан кийин Россияга кетүү жөнүндөгү арыздары менен өкүлчүлүккө кайрылган адамдардын саны кескин көбөйдү.

- Бизге күнүнө буга чеийн 60-70 адам кайрылып турса, азыр күнүнө 250-300 адам кайрылып жатат. Бирок, бул алардын баары көчүп кетет дегенди түшүндүрбөйт. Алар өздөрүнүн үй-бүлөсү, балдары үчүн тынчсыздана башташты. Адамдардын кабатырлануусу, албетте, бар. Анткени, экономикалык себептерге саясий себептер да кошулду. Алар кетпей калышы да мүмкүң, же болбосо, бир жылдан кийин кетиши мүмкүн» - деди Николай Ермолаев.

Биз Россиянын ички иштер министрлигинин Миграция иштери боюнча Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдына барып, Кыргызстандан кетүүгө арызын тапшырууга келген атуулдарга кайрылып, анын себептери жөнүндө сурадык.

- Келечекте Россияда биз, песионерлер үчүн шарттар жакшыраак болот деп үмүттөнөбүз. Бул жерде турукутуулукка ишенимди жоготуп койдук. Бирок, мен бул жерди ушунчалык жакшы көрөм, бул жерде туулуп, өмүр бою ушул жерде жашадым. Ишеним жок болуп калды- - деп жооп берди пенсия курагындагы Нина Орлова.

Ал эми Екатерина Яковлева:

- Биринчиден, кырдаал туруктуу болбой жатат. Ар кандай коркутуулар да орун алган учурлар болуп жатат. Балдардын, неберелердин тагдыры кандай болот деп кабатырланасың - дейт Екатерина Яковлева.

Биз кайрылган атуулдардын көпчүлүгү алардын Россияга көчүп кетүүгө ниеттенип жаткандыгынын башкы себеби өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу экендигин билдиришти. 22 жаштагы Татьяна да ушундай пикирде:

- Менин пикиримде, мындан ары бул жерде туруктуулук болбойт. Бул жерде калып, келечегибиз жок калгандан көрө, азыр жаш кезибизде аракет жасашыбыз керек - дейт Татьяна.

25 жаштагы Дмитрий Корчагин Россияга көчүп кетүүнү чечкендигинин мындайча түшүндүрөт:

- Бул жерде эл жөнүндө эч ким ойлобойт. Кыргыздар, орустар, башка улуттар жөнүндө, эч ким жөнүндө ойлонушпайт. Бийликте отургандар өздөрүнүн кызыкчылыктары жөнүндө гана ойлоп келишти. Уурдаса эле болду. -

Игорь Черняев да орус тилдүү калктын кетишине бейстабилдүү кырдаал себеп болуп жатат деген пикирин айтты:

- Биздин республиккада кырдаал туруктуу эмес. Бул биздин республика. Биз бул жерде туулганбыз, бул жерде жашап жатабыз. Бирок, баары бир абалдын туруктуу эместиги бизди чочулатууда. Ошондуктан, кетүүгө биринчи кадамдарды жасап жатабыз..

XS
SM
MD
LG