Калифорниялык жаш активист Рузицка ирактык жарадар баланы көргөнү бараткан. Жан кечтинин бомбасынан ал негиздеген уюмдун Ирак боюнча координатору Фаиз Али Салим да мерт кетти.
Хьюман Райтс Уоч укук коргоо уюму Рузицка Ирактагы аскерий операциялар маалында ажал тапкан же жарадар болгон карапайым кишилердин санын тактоого көп аракет жумшады дейт. Пентагон андай статистика жүргүзүлбөйт деп ырастап келгени менен, Рузицка аны төгүнгө чыгара алган.
- Иракка акыркы жолу барганда Марла негизги салгылашуулар аяктагандан кийин курман болгон аскерий эмес адамдар жөнүндө маалымат алууга жетишкен. АКШ армиясынан алынган ошол маалыматта Багдад чөлкөмү гана камтылган. Бирок эң негизгиси Рузицка ошондой статистика бар экенин далилдей алган. Ал Ирактын бүтүндөй аймагы боюнча ошондой маалыматтын ачыкка чыгарылышы үчүн аракеттенген, - дейт Хьюман Райтстын Лондон кеңсесинин директору Стив Кроушоу.
Америкалык авиациянын бомбалоолорунан Ооганстанда 800дөн ашуун карапайым киши набыт болгон деген маалыматтын жарыяланышына, АКШ өкмөтүнүн жапа чеккендерге компенсация төлөй башташына Рузицканын кошкон салымы чоң деп улантат Кроушоу:
- Марла Ооганстандагы ишин 2001-жылдын декабрында баштаган. Анын аракеттеринин натыжайсында америкалык армиянын согуштук акцияларында жарадар болгон аскерий эмес оогандыктардын саны такталып, Сенат аларга жардам катары 2 жарым миллион доллар бөлүп берген. Азыр болсо бул каражат 7 миллион долларга жеткирилди.
Рузицка ушундай эле жардам Ирактагы согуштан зыян тарткандарга берилсин деп Вашингтон администрациясын көндүрүүгө салым кошкон.
“Азаттыктын” кабарчысы Чарльз Рекнэгл Марла менен 2001-жылы Кабулда жүргөндө таанышкан:
- Согуш болгондо жөнөкөй адамдардын турак-жайлары талкаланып, элде баскынчылардан коркуу сезими пайда болот. Марла аларга жардам берүүгө аракеттенип келген. Муну менен ал өз өлкөсүнүн жакшы жактарын көрсөтө алды. Рузицка карапайым элдин башына түшкөн мүшкүлдү жакшы түшүнгөн, бир нече миң километр жол басып келип, аларга жардам берүүнү эңсеген катардагы америкалык жаран болчу.
Биздин дагы бир кабарчыбыз Пейман Пежман 2003-жылдын жай айларында Багдадда Марла менен бир бөлмөдө туруп калган. Пежман Марла өзүнүн кайрымдуулук ишин мындайча түшүндүргөнүн эскерет:
- Соопчулукта согушту, оккупацияны жактырасыңбы, колдойсуңбу же жокпу анча маанилүү эмес. Эң негизгиси мен үчүн карапайым эл жаңжалдардан жапа чекпеши керек, - дечү Марла.
“Согуштун бейкүнөө курмандыктары” деген бейөкмөт уюму Рузицканы эскерүү иретинде анын цитаталарын веб-баракчасына чыгарды.
“Уруштун жаракаларын эч ким айыктыра албайт. Зомбулуктун, террордун, согуштун курмандыктары унутта калбашы керек. Бардык өкмөттөр, АКШ, БУУ аларга жардам берген институттарды түзүүгө тийиш” - деген Марла Рузицка.