Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Орусия кайрадан ЕККУну сынга алууда


Кечээ күнү Вена шаарында өткөн эл аралык конференцияда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков чыгып сүйлөп, мурдагы советтик жумурияттардагы шайлоо жараяндарына байкоо салган Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму саясатташып кетти деп билдирди. Вешняковдун айтымында, эл аралык байкоочулар демократия орнотууга жардамдашкандан мурда саясий чечимдерди ишке ашырууга аракеттенет, ошондуктан уюмдун хартиясына өзгөртүү киргизүүгө мезгил жетти. Европалык уюмдан айырмаланып, орусиялык байкоочулар акыркы мезгилде Беларус, Украина жана Кыргызстанда өткөрүлгөн шайлоолордо орчундуу мыйзам бузуу тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG