Түш чендерде 20га чукул шайлоочу Жогорку соттун ичине кирип алды. Алар менен Жогорку соттун төрага орун басары Жеңишбек Досматов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов иш ордунда жок, такталбаган маалыматтарга караганда ал ооруканада жатат. Ал эми Жогорку соттун судьялары бүгүн иш ордун ташташты. Имараттын алдында турган пикетчилер кетмейин ишке чыгышаары күмөн. Эскерте кетели, депутаттык мандаттан куржалак калган талапкерлер Туратбек Андашев менен Токтосун Мадияровдун жактоочулары төрт күндөн бери нааразылык чарасын улантышууда.
Жогорку сот алдында 300гө чукул адам пикетте турат. Алар соттун имаратына киргенге бир нече курдай аракет жасашты. Имаратты тартип коргоо органдарынын 100гө чукул кызматкери кайтарып турат.