Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

МАЙРАМ АКАЕВАНЫН СИҢДИСИ БАРЫМТАГА АЛЫНДЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 22-апрелде “Талас дан азык” акционердик коомунун акционери, Майрам Акаеванын сиңдиси Аязгүл Саркишованы аталган коомдун акционерлери жана Равшан Жээнбековдун шайлоочулары барымтага алышты. Алар Майрам Акаеванын сиңдисинен парламенттик шайлоо ыплас өттү деп коомчулук алдында моюнга алышын талап кылышууда.

Жума күнгө “Талас дан азык” акционердик коомунун акционерлеринин чогулушу белгиленип, анда коомдун мурдагы деректири Аязгүл Саркишова отчет бермек. Бирок ал келбей койгондуктан чогулуш үзгүлтүккө учурады.

Алгач аталган коомдун акционерлери башка кабинетте отурган көрүп калышкан. Акционерлерге талапкер Равшан жээнбековдун жактоочулары да кошулуп, Аязгүл Саркишованы барымтага алышкан.

Барымтачылар аны Талас шаарынан Көгөй айылына алып келип, парламенттик шайлоо ыплас өткөндүгүн, Таластан керектүү талапкерлерди өткөрүүгө бийлик акча бергендигин мойнуна алуусун талап кылышты.

Шайлоочулардын мындай талабына Аязгүл Саркишова минтип жооп берди:

- Жашырганда эмне, Жусуп тарап деле, сиздер тарап деле акча таратыпсыңар. Жусуптун таркатканын мен билбейм, мен айта албайм. Аткени мен көргөн жокмун.

Учурда таластыктар Аязгүл Саркишеваны барымтада кармап турушат жана облустук жана округдук комиссияларынын төрагалары келип ал шайлоодо акча тараткандыгын айтып беришин күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG