Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Молдавиянын борборунда ГУУАМдын жыйыны аяктады


Регионалдык коопсуздук тобу деп аталган бу бирикмеге Грузия, Украина, Өзбекстан, Азербайжан жана Молдавия кирет. Саммитке өзбек президенти келген жок. Калган лидерлер сепаратизм проблемасын талкуулашты, корутунду декларацияга кол коюп, Россияны Грузиядан жана Молдавиядан аскер базаларын чыгарып кетүүгө чакырышты. Жыйынга байкоочу иретинде Румыния менен Литванын президенттери, АКШнын жана ОБСЕнин өкүлдөрү катышты. Трансднестр проблемасына токтолуп, украин президенти Виктор Ющенко региондун жогорку кеңешине адилет жана демократиялык шайлоо өткөрүүнү сунуш кылды. Трансднестр, анын айтымында, Молдавиянын курамындагы өзгөчө аймак бойдон калууга тийиш.

XS
SM
MD
LG