Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Бишкекте митинг, пикеттер уланууда


БИШКЕК. 22-апрелде Жогорку Кеңештин жана өкмөт үйүнүн алдында бир нече митинг, пикет болуп өттү. Алгач өкмөт үйүнүн алдына «Рентон групп» компаниясына алданган карыялар чыгышты. Саны 500дүн тегерегиндеги кары-картаңдар аманат акчаларын кайтарып берүүнү талап кылышты. Алар менен өкмөт үйүнөн чыккан жооптуу кызматкерлер жолугуп, жаңы өкмөт тарабынан бул маселени чечүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына, андан кийин өкмөт үйүнүн алдына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Шарипа Садыбакасова жана Туратбек Андашевдин шайлоочулары нааразылык акциясына чыгышты.

XS
SM
MD
LG