Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

АКШ Кыргызстанга каржылык жардам берет


БИШКЕК. АКШнын Сенаты Кыргызстан менен Украинага каржылык жардам көрсөтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Мындай маалыматты 22-апрелде «Кабар» агенттиги таратты. Маалыматка караганда, АКШ Ооганстан менен Ирактагы америкалык аскерий коалицияга колдоо көрсөткөн мамлекеттерге 40 миллион доллар берүүнү караган. Тизмедеги Йемен, Марокко, Сальвадор, Монголия, Джибути өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстан да бар. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалымат боюнча, аталган каражаттын Кыргызстанга качан келээри азырынча белгисиз. Ал Мамлекеттик департаменттин кароосунан кийин такталат. АКШнын өлкөдөгү элчилиги 22-апрелде 282 миң долларлык химиялык затты Юстиция жана Ички иштер министрлигинин лабораториясы үчүн берди. Ал эл аралык баңги соодасына каршы күрөшүү бюросунун 465 миң долларлык жабдуу берүү долбоорунун бир бөлүгү.

XS
SM
MD
LG