БИШКЕК. 22-апрелде Жогорку Кеңеш премьер-министр, өкмөттүн мүчөлөрү жана облустардын губернаторлору президенттик шайлоодо талапкер болсо ээлеген кызматын өткөрүп берүүгө тийиш деген өзгөртүүнү Шайлоо кодексине киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган жок. Жашыруун добуш берүү учурунда мыйзамды жыйынга катышкан депутаттардын 35и колдоп, 25и каршы болушту. Мыйзамды кароого сунуштаган депутат Дооронбек Садырбаев добуш берүүдөн кийин, эгер президенттик шайлоодон кийин өлкөдө башаламандык болсо, өзүнүн атуул катары абийири таза болорун билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстарды пайдаланууга тоскоолдук кылуу жана шайлоочулардын укугун коргоо максаты менен кабыл алууга сунушталган болчу. «Эми алдыдагы президенттик шайлоодо административдик кысымдын негизинде мыйзам бузуулар болушу толук мүмкүн»,-деп кошумчалады Дооронбек Садырбаев.